Карегимде кайталанып чуркаган
Бала кезим таза сезим курчаган
Бир жыл бою кыйын күндү кечсем да
Бир түн келчу бакыт суусун уртагам
Анда мезгил артпаса да бүт жүгүн
Жазам катка кыялымдын бүркүмүн
Анын жообу эми качан келет деп
Аяз ата, аяз кыздан күтчүмүн
Кыялыма эч бир жетпес
Күлчү жылмайып көктөн ай дагы
Балалыктын эстен кетпес
Жаңы Жылым өчпөс майрамы
Көңүл жайдары
Жер жамалы аппак карды жазданчу
Ай аяктап Жаңы Жылга аз калчу
Ар бир күндү дегдеп улам эсептеп
Отуз бири мына кызык башталчу
Адамдардын майрамдашчу үйү көп
Бөбөктөргө белек толуп үйүлөт
Жер шаарынын туулган күнүн белгилеп
Жашап жаткан жандын көбү сүйүйнөт
Кыялыма эч бир жетпес
Күлчү жылмайып көктөн ай дагы
Балалыктын эстен кетпес
Жаңы Жылым өчпөс майрамы
Көңүл жайдары
Кыялыма эч бир жетпес
Күлчү жылмайып көктөн ай дагы
Балалыктын эстен кетпес
Жаңы Жылым- өчпөс майрамы
Көңүл жайдары
Ал учурга жетпейт билем жай дагы
Жаңы Жылым балалыктын майрамы